Location via proxy:
[ UP ]
[Report a bug]
[Manage cookies]
No cookies
No scripts
No ads
No referrer
Show this form
Мазмунга өтүү
Иш тилкеси
Иш тилкеси
каптал тилкесине жылдыруу
жашыруу
Багыттоо
Башкы барак
Жамаат порталы
Учурдагы окуялар
Соңку өзгөрүүлөр
Туш келди макала
Жардам
Издөө
Издөө
Көрүнүш
Демөөр
Катталуу
Кирүү
Жеке шаймандар
Демөөр
Катталуу
Кирүү
Катталбаган түзөтүүчүлөр үчүн барактар
чоо-жайы
Салымдар
Талкуу
Самоа
(бөлүмү) түзөтүлүүдө
Тилдерди кошуу
Макала
Талкуу
кыргызча
Окуу
Түзөтүү
Булагын түзөтүү
Тарыхын кароо
Аспап кутусу
Куралдар
каптал тилкесине жылдыруу
жашыруу
Аракеттер
Окуу
Түзөтүү
Булагын түзөтүү
Тарыхын кароо
Жалпы
Жетелеме шилтемелер
Байланыштуу өзгөрүүлөр
Файл жүктөө
Атайын барактар
Бул барак тууралуу
URL'ди кыскартуу
QR-кодду жүктөп алуу
Башка долбоорлордо
Викимаалымат элементи
Көрүнүш
каптал тилкесине жылдыруу
жашыруу
Эскертүү:
Сиз системге кирген жоксуз. Эгер кандайдыр бир түзөтүү кылбасаңыз, анда IP дарегиңиз жалпыгы ачык көрүнөт. Эгер
системага кирсеңиз
же
аккаунт түзсөңүз
, анда башка артыкчылыктар менен катар түзөтүүлөрүңүз колдонуучу атыңызга таандык болот.
Anti-spam check. Do
not
fill this in!
== География == [[Файл:Samoa_waterfall_scenery.jpg|thumb|Шаркыратма|373x373px]] Өлкө Самоа архипелагынын батыш бөлүгүндө 171°20’, 172°50’ б. у. жана 14°10’, 13°20’ түш. к. ортосунда жайгашкан. Жалпы кургактыктын аянты 2832 км², курамына эки ири аралды — Савайи (1708 км²), Уполу (1118,7 км²) жана 8 кичинекей (5,71 км²) аралдарды камтыйт, кичи аралдарынын ичинен Маноно жана Аполима гана аралдарында калк бар. Самоанын ээлигинде — 30 000 км² өзгөчө жээк экономикалык аймагы жана 23 100 га рифтер жана [[Лагуна|лагуналар]] (тереңдиги 5 метрден ашпайт)<ref>[https://web.archive.org/web/20051025232359/http://unccd.int/cop/reports/asia/national/2002/samoa-eng.pdf Самоанын чөлгө айланууга каршы конвенциясын ишке ашыруу боюнча биринчи улуттук отчету.]</ref>. Өлкө түндүгүнөн [[Токелау|Токелаунун]] суулары менен, чыгышынан [[Америка Самоасы]] менен, түштүгүнөн [[Тонга]] менен, түштүк-батышынан [[Уоллис жана Футуна|Уоллис жана Футуна аралдары]] менен, түштүк-батышынан [[Тувалу]] менен чектешет. {| class="wikitable" |+ !Аралдар !Аянты (км²) !Калкы, адам (2006) |- |Савайи |1708 |43 103 |- |Уполу |1118,7 |136 674 |- |Нуусафее |0,02 |— |- | colspan="3" |'''Аполима кысыгынын аралдары''' |- |Маноно |3 |889 |- |Аполима |1 |75 |- |Нуулопа |0,01 |— |- | colspan="3" |'''Алеипата аралдары''' |- |Нуутеле |1,08 |— |- |Нуулуа |0,25 |— |- |Намуа |0,20 |— |- |Фануатапу |0,15 |— |- |Жалпы |2832,41 |180 741 |} === Рельеф === [[Файл:Volcano_eruption_Mt_Matavanu_-_Savai'i_-_1905_-_photo_by_Thomas_Andrew.jpg|thumb|Савайи аралындагы Матавану жанар тоосунун атылышы. 1905-жыл.|280x280px]] Самоанын аймагын түзгөн аралдардын рельефи негизинен тоолуу келет, анткени аралдар жанар тоолордун атылышынын пайда болгон суу астындагы кырка тоонун уландысы болуп саналат. Эң бийик чекиттери Силисили (1857 метр) жана Фито (1115 метр) чокулары. Эки ири аралдарынын чокулары кең өрөөндөр жайгашкан терең капчыгайлар менен бөлүнгөн. Деңизг жээги тик жана жарлуу келет. Жээк тилкеси кууш, лагуналар жана коралл рифтери менен курчалган. Самоа айылдары тоолуу массивдер менен деңиз жээгинин ортосундагы жапыз аймактарда жайгашышкан. === Климат === [[Файл:Fale_on_Manono_Island.jpg|thumb|Маноно арылындагы айыл.|280x280px]] Самоанын климаты нымдуу тропикалык. Жылдык орточо температура — 26,5 °C, жылдык температура амплитудасы 2 °C ашпайт. Жаан-чачындын саны боюнча жыл эки мезгилге бөлүнөт: нымдуу (ноябрь-апрель) жана кургакчыл (май-октябрь)<ref>[https://web.archive.org/web/20061007173340/http://www.govt.ws/gi_details.cfm?gi_id=013 Geo-physical Features.]</ref>. Түздүкт[[өрдө жылы]]на 2000-3000 мм чейин жаан жаайт, бийик аймактарында жаан 5000-7000 мм чейин жетет<ref>Encyclopædia Britannica. [https://www.britannica.com/place/Samoa-island-nation-Pacific-Ocean#ref54099 Samoa: Climate.]</ref>. Орточо салыштырмалуу нымдуулук 80% га барабар. Күн ачык убакыттын - орточо жылдык сааты 2500 барабар. Шамалдын орточо ылдамдыгы болжол менен 20 км/саат, кээ бир учурларда 48 км/саатка чейин жетиши мүмкүн. Самоа мезгил-мезгили менен тропикалык циклондордун соккуусуна дуушар болот. 1990 жана 1991-жылдары аралдарды Уфа жана Вал циклондору болуп, шамалдын ылдамдыгы саатына 180 км чейин жеткен<ref name=":1">[https://web.archive.org/web/20051025232359/http://unccd.int/cop/reports/asia/national/2002/samoa-eng.pdf Самоанын чөлгө айланууга каршы конвенциясын ишке ашыруу боюнча биринчи улуттук отчету.]</ref>. Өлкөгө эң көп кыйратууларды [[1966-жылы]]нын январында Батыш Самоадо катталган «кылымдын бороону» алып келген. Шамалдын ылдамдыгы саатына 200 км чейин жеткен<ref name=":1" />. === Геология === Апиа шаарындагы обсерваториянын сейсмографтары көп сандагы жер титирөөлөрдү каттап турушат, бирок бул жер титирөөлөр азырынча кыйроолорго алып келген жок. Бардык аралдар жанар тоолордун атылышынын негизинде пайда болгонуна карабастан, жанар тоолук активдүү эмес. Акыркы жанар тоонун ири атылуусу Савайи аралында [[1700-жыл|[[1700-жылы]]]], [[1904]]-[[1906]]-жылдары болгон. Савайи аралынын лавалар каптаган бөлүгүндө дээрлик өсүмдүктөр жокко эсе. Бирок, башка аймактарда, байыркы жанар тоо тектери суу же шамал аркылуу тарагандыгына байланыштуу топурактары түшүмдүү келет. Айрыкча Уполу аралында түшүмдүү жерлердин аянты көп. Өлкөнүн аймагында пайдалуу кен байлыктар табылган эмес. === Гидрология (суу ресурстары) === [[Файл:Child leaning down to take a drink of water at the Mata o le Alelo fresh water pool, Matavai village, Savai'i, Samoa 2009.JPG|thumb|right|280px|Савайи аралындагы Матаваи айылы]] [[Файл:Samoan water slide upolu.jpg|thumb|right|280px|Уполу аралындагы шаркыратма]] [[Файл:To Sua Ocean Trench - Lotofaga village - Samoa.jpg|thumb|right|280px|То-Суа көлү]] Самоа бардык тарабынан Тынч океанынын суулары менен чулганат. Уполу жана Савайи аралдарын кичинекей Маноно жана Аполима аралдары жайгашкан Аполима кысыгы бөлүп турат. Өлкөнүн калкынын 3/4 бөлүгүнөн ашыгы борборлоштурулган суу камсыздоо системасына кошулган эмес. Инфраструктуранын начардыгынан жана суу түтүктөрүнүн жана суу сактагычтардын сапаттынын начарлыгана байланыштуу көп көлөмдөгү суу жөн гана жерге сиңип кетет. Самоанын жанар тоолордун атылышынан келип чыгышы, Уполунун батыш бөлүгүнөн жана Саваянын көп бөлүгүнөн башка бардык аймактарында тайыз дарыялардын жана анча бийик эмес шаркыратмалардын көп болуушуна таасирин тийгизген. Бул аймактарда жергиликтүү калк үчүн салттуу таза суу булактары жер астындагы жана жамгыр суулары болуп саналат. Савайи аралында дарыялар океан жээгине жакын жайгашкандыгына карабастан, суулары тиричилик максатта колдонулат. Кургакчыл мезгилдерде суу объектилери көбүнчө кургап калат. Көптөгөн аймактарда берилген суунун көлөмү ичүү жана гигиена муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жетишсиз. === Топурак === Аралдардын тоолуу аймактарындагы топурактар жанар тоо күлүнөн пайда болот. Курамы негизинен оливин базальтына бай жана курамында калий менен фосфор аз. Бирок тез-тез жааган жаан-чачын жана жагымдуу температура шарттары топурактын түшүмдүүлүгүн жогорулатат. Самоада бийиктиктердин жана тегиз жерлердин топурактарынын ортосунда айырмачылыктар бар. Тоолуу аймактарда топурак катмарынын калыңдыгын жогору, бирок жалпысынан бул аймактарынын топурактары айыл чарбачылыгы үчүн колдонулбайт<ref name=":1" />. === Флора жана фауна === [[Файл:View from the top, Falealupo Rainforest canopy walkway, Savaii, Samoa 2009.JPG|thumb|Фалеалупо токою.|280x280px]] Самоа флорасынын ар түрдүүлүгү арбын, өсүмдүктөрдүн 775ке жакын түрү бар, алардын 30% аралдардагы эндемиктер<ref name=":2">Terrestrial Ecoregions. World Wildlife Fund. [https://www.worldwildlife.org/ecoregions/oc0112 Samoan tropical moist forests.] </ref>. Аралдардын бетинин үчтөн эки бөлүгүн нымдуу тропикалык токойлор ээлейт, бур жерлерде өтө катуу жыгачтуу баалуу дарактар кездешет. Дарак папоротниктеринин көптүгү мүнөздүү. Ири жалбырактуу мирт жана орхидеялар да көп кездешет. Токойлор негизинен тоо боорлорунда жайгашкан, ал эми аралдардын жээктеринде айдоо аянттары басымдуулук кылат. Эң бийик тоолорунун чокуларын бадалдуу токойлор ээлейт. Самоа өсүмдүктөрүнүн 150гө жакын түрү медициналык максатта колдонулат<ref name=":1" />. Самоа фаунасы, Полинезиянын башка аралдары сыяктуу эле, салыштырмалуу аз түрдүү. Адамдар келип отурукташканга чейин бул жерде сүт эмүүчүлөрдөн жарганаттар, жээктеги сууларда дельфиндер жашаган. Байыркы полинезиялык деңизчилер бул аралдарга ит жана чочко, ал эми европалыктар бодо малдарды жана жылкыларды алып келишкен. Ошондой эле кемелер менен аралдарга келемиштер кирген. Канаттуулардын ар түрдүүлүгүн байкаса болот. Жалпысынан аралдарда канаттуулардын 43 түрү туруктуу байырлашат, алардын 8 эндемиктер. Полинезиялыктар тоокторду, европалыктар башка үй канаттууларын алып келишкен<ref name=":2" />. Сойлоп жүрүүчүлөрдүн ичинен кескелдириктерди (7 түр) жана жыландарды (1 түр) кездештирсе болот. Көптөгөн курт-кумурскалардын, айрыкча көпөлөктөрдү (21 түр) түрлөрүн кездештирүүгө болот<ref name=":2" />. Океан жээктеринде таш бакалар жана крабдар кездешет. Океан суулары балыктарга, анын ичинде баалуу балыктардын турлоруна бай. Жээктен алыс аймактарында [[акула]], тунец, скумбрия, [[селебебалык]], тайыз жерлеринде [[Кефаль түспөлдүүлөр|кефаль]], деңиз жыландары кездешет. Коралл рифтерин көптөгөн [[Моллюск|моллюскалар]] байырлашат.
Түшүндүрмө
Өзгөртүүлөрүңүздү сактоо менен,
Колдонуу шарттарына
,
CC BY-SA 4.0
менен
GFDL
лицензияларына ылайык кайтарылгыс жарыялоого макулдугуңузду билдиресиз. Мындан тышкары, Creative Commons лицензиясына ылайык авторлукту белгилөө үчүн гипершилтемени же URL'ди көрсөтүп коюу жетиштүү дегенге макул болосуз.
Жокко чыгаруу
Оңдоп-түзөөгө жардам
(жаңы терезеде ачылат)