Location via proxy:
[ UP ]
[Report a bug]
[Manage cookies]
No cookies
No scripts
No ads
No referrer
Show this form
Мазмунга өтүү
Иш тилкеси
Иш тилкеси
каптал тилкесине жылдыруу
жашыруу
Багыттоо
Башкы барак
Жамаат порталы
Учурдагы окуялар
Соңку өзгөрүүлөр
Туш келди макала
Жардам
Издөө
Издөө
Демөөр
Көрүнүш
Катталуу
Кирүү
Жеке шаймандар
Катталуу
Кирүү
Катталбаган түзөтүүчүлөр үчүн барактар
чоо-жайы
Салымдар
Талкуу
«
Телескоп
» түзөтүлүүдө
Тилдерди кошуу
Макала
Талкуу
кыргызча
Окуу
Түзөтүү
Булагын түзөтүү
Тарыхын кароо
Аспап кутусу
Куралдар
каптал тилкесине жылдыруу
жашыруу
Аракеттер
Окуу
Түзөтүү
Булагын түзөтүү
Тарыхын кароо
Жалпы
Жетелеме шилтемелер
Байланыштуу өзгөрүүлөр
Файл жүктөө
Атайын барактар
Бул барак тууралуу
URL'ди кыскартуу
QR-кодду жүктөп алуу
Викимаалымат элементи
Башка долбоорлордо
Көрүнүш
каптал тилкесине жылдыруу
жашыруу
Эскертүү:
Сиз системге кирген жоксуз. Эгер кандайдыр бир түзөтүү кылбасаңыз, анда IP дарегиңиз жалпыгы ачык көрүнөт. Эгер
системага кирсеңиз
же
аккаунт түзсөңүз
, анда башка артыкчылыктар менен катар түзөтүүлөрүңүз колдонуучу атыңызга таандык болот.
Anti-spam check. Do
not
fill this in!
[[File:Popular Observatory in Belgrade's instruments.jpg|thumb|Телескоптор.]] '''Телескоп''' — асман телолоруна байкоо жүргүзүүчү [[Астрономия|астрономиялык]] оптикалык аспап. Оптикалык схемасына карата күзгүлүү ([[рефлектор]]), линзалуу ([[дефрактор]]) жана күзгү-линзалуу телескопко айырмаланат. Линзалуу телескоптун объективи оң, окуляры терс болсо, анда ал [[Галилей]] системасы же телескобу деп аталат. [[Кеплер]] системысынын объективи жана окуляры да оң. Галилей телескобу түз мнимый сүрөттөлүштү берет, анын көрүү талаасы аз, жарык күчү начар, конструкциясы жөнөкөй. Көбүнчө театрларда колдонулат. Кеплер системасы объектинин айландырылган чыныгы сүрөттөлүшүн берет. Кеплер системасы көз менен көрүүчү телескоптордо колдонулат. Телескоп [[фотография]]лык, телекөрсөтүү, электрондук-оптикалык, көз менен көрүү жана башка да нурланууну кабылдагычтардын жардамы менен фотографиялык, [[Спектрдик анализ|спектр]]дик, [[фотоэлектр]]дик байкоолорду жүргүзөт. == Телескоптун байкоо тактыгынын күчү == Телескоптун байкоо тактыгынын күчү – [[атмосфера]]нын ачык шартында берилген телескоптун жардамы менен жеткиликтүү байкоо жүргүзүлгөн жарык чыгаруучунун чектик жылдыздык чоңдугу. Сүрөттөлүштүн начар сапаты нурдун жер атмосферасында термелүүсүнүн, [[чагылыш]]ынын жана чачырашынын натыйжасында байкоо жүргүзүлүүчү жылдыздын чыныгы чектик жылдыздык чоңдугу начарлайт, көздүн торчолорундагы жарык энергиясынын топтолушу азаят. Телескоптун карегинин киришиндеги чогулган жарыктын саны анын аянтына пропорциялуу көбөйөт, телескоптун байкоо тактыгынын күчү артат. Ал mvis = 2,0 + 5lg Д формуласы менен аныкталат, мында Д – телескоптун объективинин диаметри. == Телескоптун көрүнөрлүк чоңойтуусу == Телескоптун көрүнөрлүк чоңойтуусу – аспаптын [[оптикалык система]]сы аркылуу берүүдө сүрөттөлүш байкалуучу бурчтун аны түздөн-түз көз менен байкоодо объектинин бурчтук өлчөмүнө болгон катышы. Телескоп системасынын көрүнөрлүк чоңойтушу Г= f ўоб /f”ўўок = R/P ў катышы менен туюнтулат. Мында f’ ўоб жана f’ ўўок – объектив менен окулярдын [[фокус]]тук аралыктары, Д – каректин жарык кирүүчү, ал эми Д – каректин жарык чыгуучу диаметри. Объективдин фокустук аралыгын чоңойтуу же окулярдын фокустук аралыгын кичирейтүү менен объектини жетишерлик чоңойтууга болот. Телескоптун чоңойтушу канчалык чоң болсо, анын көрүү талаасы ошончолук кичине болот. == Телескоптун так көрсөтүүсү == Телескоптун так көрсөтүүсү – телескоптон өзүнчө айрым көрүнүүчү эки жылдыздын арасындагы эң кичине бурчтук аралык. Көз менен көрүүчү телескоптун так көрсөтүүсү сары жашыл нур үчүн өтө сезгич көзгө y = 120/Д формуласы менен бааланат. Мында Д – телескоптун жарык кирүүчү карегинин диаметри, ал мм менен туюнтулат. == Телескопту орнотуу == Телескопту орнотуу – телескоптун көрүү түтүгүн керектүү асман объектисине багыттоо. Ал үчүн атайын штативге бекитилет. Көрүү түтүгүн өз ара [[перпендикуляр]] эки октун айланасында айландырууга мүмкүндүк берет. Орнотуунун негизи ок. 1-окко салыштырмалуу 2-октун айланасында көрүү түтүгү айланат. Мейкиндиктеги октун багытына карата телескопту орнотуу бир нече түргө бөлүнөт. '''Телескоптун горизонталдуу орнотмосу''' – телескоптун бир огу тик ([[азимут огу]]), экинчи огу ([[зениттик аралык огу]]) горизонталдуу жайгаштырылган орнотмо. Горизонталдуу орнотмо альтазимуттуу орнотмо деп да аталат. Альтазимуттуу орнотмонун кемчилиги – асман сферасынын көрүнгөн суткалык айланышынын натыйжасында кыймылдаган асман объектисин көзөмөлдөө үчүн телескопту эки октун айланасында буруу зарылчылыгынын келип чыгышы. Альтазимуттуу орнотмону көптөгөн астрономиялык аспаптар (универсалдуу аспаптар, пассаж жана меридиан тегеректери) жабдып турат. '''Телескоптун экватордук орнотмосу''' – уюлдун же сааттын башкы огу дүйнөнүн уюлуна багытталып, ал эми 2-огу ага перпендикуляр жана [[экватор]] тегиздигинде жаткандай орнотулган орнотмо. Экватордук орнотмодо көпчүлүк учурда жылдыздардын суткалык кыймылын көзөмөлдөө үчүн телескопту бир гана уюлдук октун айланасында буруу жеткиликтүү болот. Маунт-Паломар (АКШ) обсерваториясындагы 5 метрлүү рефлектор экватордук орнотмо менен жабдылган. Ушуга эле окшош Крым астрофизизикалык [[обсерватория]]сына 2,6 метрлүү рефлектор орнотулган, ал эми атайын астрофиз. обсерватория дүйнөдөгү эң ири 6 метрлүү рефлектор альт-азимуттуу орнотмо менен жабдылган. Жердин жасалма жандоочусунан байкоо жүргүзүү үчүн жана түрт октуу орнотмо фотокамералар колдонулат. == Булактар == Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек<br /> ''Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов'' {{Commons|Telescope}} [[Категория:Астрономия]]
Түшүндүрмө
Өзгөртүүлөрүңүздү сактоо менен,
Колдонуу шарттарына
,
CC BY-SA 4.0
менен
GFDL
лицензияларына ылайык кайтарылгыс жарыялоого макулдугуңузду билдиресиз. Мындан тышкары, Creative Commons лицензиясына ылайык авторлукту белгилөө үчүн гипершилтемени же URL'ди көрсөтүп коюу жетиштүү дегенге макул болосуз.
Жокко чыгаруу
Оңдоп-түзөөгө жардам
(жаңы терезеде ачылат)
Викимаалымат entities used in this page
Телескоп
: Sitelink, Сыпаттама: ky
Бул баракта колдонулуучу калыптар:
Калып:Commons
(
түзөтүү
)
Калып:Sec link/normal link
(
түзөтүү
)
Калып:Sec link/text
(
түзөтүү
)
Калып:Sec link auto
(
түзөтүү
)
Калып:Side box
(
түзөтүү
)
Калып:Туушкандык долбоорлор
(
түзөтүү
)
Модуль:Side box
(
түзөтүү
)
Модуль:Yesno
(
түзөтүү
)