Location via proxy:
[ UP ]
[Report a bug]
[Manage cookies]
No cookies
No scripts
No ads
No referrer
Show this form
Мазмунга өтүү
Иш тилкеси
Иш тилкеси
каптал тилкесине жылдыруу
жашыруу
Багыттоо
Башкы барак
Жамаат порталы
Учурдагы окуялар
Соңку өзгөрүүлөр
Туш келди макала
Жардам
Издөө
Издөө
Көрүнүш
Демөөр
Катталуу
Кирүү
Жеке шаймандар
Демөөр
Катталуу
Кирүү
Катталбаган түзөтүүчүлөр үчүн барактар
чоо-жайы
Салымдар
Талкуу
«
Тырмак
» түзөтүлүүдө
Тилдерди кошуу
Макала
Талкуу
кыргызча
Окуу
Түзөтүү
Булагын түзөтүү
Тарыхын кароо
Аспап кутусу
Куралдар
каптал тилкесине жылдыруу
жашыруу
Аракеттер
Окуу
Түзөтүү
Булагын түзөтүү
Тарыхын кароо
Жалпы
Жетелеме шилтемелер
Байланыштуу өзгөрүүлөр
Файл жүктөө
Атайын барактар
Бул барак тууралуу
URL'ди кыскартуу
QR-кодду жүктөп алуу
Башка долбоорлордо
Викимаалымат элементи
Көрүнүш
каптал тилкесине жылдыруу
жашыруу
Эскертүү:
Сиз системге кирген жоксуз. Эгер кандайдыр бир түзөтүү кылбасаңыз, анда IP дарегиңиз жалпыгы ачык көрүнөт. Эгер
системага кирсеңиз
же
аккаунт түзсөңүз
, анда башка артыкчылыктар менен катар түзөтүүлөрүңүз колдонуучу атыңызга таандык болот.
Anti-spam check. Do
not
fill this in!
[[Файл:Тырмак түзүлүшү.jpg|thumb|400px|Кол манжаларынын тырмагы: 1—тырмак эти; 2— тырмак айланасы; 3—4— тырмак артериялары; 5— тырмак изи; 6— тырмактын орду; 7— тырмактын түбү; 8— тырмактын учу; 9— тырмактын денеси; 10— тырмак айчыгы.]] [[Файл:Тырмак формалары.jpg|thumb|400px|Азык жетпеген тырмактын формалары.]] '''Тырмак''' — [[кол]] жана [[Бут( медицина)|буттун]] манжаларынын сырт жагынын учунда жайгашып, тегерете тери менен курчалган мүйүз сымал пластинка. <br /> == Түзүлүшү == Тырмактын денеси жана тамыры бар. Анын тамыры теринин ичине матырылып, үстүнөн жука тери менен капталып турат. Манжанын учунда тырмактын жайгашышына ылайыкталган чуңкурча — жылга болот. Анын тереңинде орун алган клеткалардын көбөйүп турушунан мүйүз сымал пластинка акырындап сыртка карай жылып, тырмактын өсүшүн камсыз кылат, тырмак суткасына 0,1 — 0,2 мм өсүп, болжол менен 100 күндө кайрадан жаңыланып турат. Тырмактын тез же жай өсүшүнө адамдын жашы, жынысы, ден соолугу, жыл мезгили жана башкалар таасир этет. Мисалы, жаш балдардын тырмагы чоң адамдардыкынан тез өсөт, кышында — жай, жайында тез өсөт. Тырмактын пластинкасынын узундугу 10— 15 мм, туурасы 10—17 мм. калыңдыгы 0,30—0,70 ммге барабар келип, аялдардын тырмагы эркектердикине караганда кичирээк. Тырмак пластинкасы сааттын айнегине окшоп томпогунан келип, жылмакай, тунук болот. == Оорулары == <gallery widths="163px" heights="163px"|center> Файл:Онихомикоз.jpg|Онихомикоздо тырмактын бузулушу. Файл:Псориаз.jpg|Псориазда тырмактын калыңданышы жана сыйрылышы. Файл:Ониогрифоз.jpg|Ониогрифоздо эки буттун тең бармак тырмактарынын өтө калыңданып жана узарып кетиши.<br /> Файл:Микроонихия.jpg|Тукум куума микроонихияда тырмак кичине, формасы жарым ай сымал болот. Файл:Азык жетпеген тырмак.jpg|Азык жетпеген тырмактын узунунан жана туурасынан быдырланып бузулушу. </gallery><br /> Жегичтердин, кислоталардын, травма жана инфекциянын ([[бактериялар]], мите козу карындар жана башкалар) таасиринен тырмак пластинкасы же анын түбүндөгү тери дөңчөлөрү ооруга чалдыгышы мүмкүн. Мында тырмактын көлөмү, формасы жана өңү өзгөрөт. Ал өтө эле чоңоюп же кичирейип, таптакыр жоголуп кетиши да мүмкүн. Тырмак өтө бузулганда куштун тырмагына окшоп калат. Ар кандай оорулардын кесепетинен да тырмактын формасы, өңү өзгөрүлүшү мүмкүн. Тырмактын мите козу карын оорулары ([[эпидермофития]], [[трихофития]], [[кандидоз]], [[Таз (фавус)|таз]]), өтө жугуштуу. Өнөкөт жугуштуу ооруларда ([[кургак учук]], [[котон жара]], [[лепра]]), [[Дем алуу органдары|дем алуу органдарынын]], [[Кан-тамырлар|кан тамыр]], [[эндокрин]] жана [[Нерв системасы|нерв системасынын]] кээ бир ооруларында да тырмак өзгөрүлөт. Тырмактын жалпайып же ийилип кетиши, туурасынан же узунунан кеткен чуңкурлардын пайда болушу адамдын организминде зат алмашуунун бузулушунан келип чыгышы мүмкүн. Тырмакты туура эмес алганда же өтө тар жана такасы өтө эле бийик бут кийим кийгенде тырмак ичти карай өсүп, этке матырылып, жаралантып жибериши мүмкүн ([[Туура эмес өскөн тырмак]]).<br /> Тырмак ооруларын алдын алуу үчүн тырмакты туура күтө билүү керек, кара ошондой эле [[Маникюр]], [[Педикюр]]. == Колдонулган адабият == Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8 [[Категория:Анатомия]] [[Категория:Ден соолук]] [[Категория:Оорулар]]
Түшүндүрмө
Өзгөртүүлөрүңүздү сактоо менен,
Колдонуу шарттарына
,
CC BY-SA 4.0
менен
GFDL
лицензияларына ылайык кайтарылгыс жарыялоого макулдугуңузду билдиресиз. Мындан тышкары, Creative Commons лицензиясына ылайык авторлукту белгилөө үчүн гипершилтемени же URL'ди көрсөтүп коюу жетиштүү дегенге макул болосуз.
Жокко чыгаруу
Оңдоп-түзөөгө жардам
(жаңы терезеде ачылат)
Викимаалымат entities used in this page
Тырмак
: Sitelink, Сыпаттама: ky
Бул барак жашыруун категорияга кирет:
Категория:Pages using ISBN magic links