Location via proxy:   [ UP ]  
[Report a bug]   [Manage cookies]                
Мазмунга өтүү

Астрахань

Википедия дан

АстраханьРоссия Федерациясындагы шаар, Астрахань облусунун административдик борбору. Волга дарыясынын дельтасында жайгашкан. Волга менен Каспийдеги маанилүү порт. Калкы 501,3 миң (2005). Темир жол тоому. Башкы өнөр жай тармактары: жеңил, тамак-аш (анын ичинен балык), машина куруу жана металл иштетүү (кеме куруу жана ремонттоо, тепловоз ремонттоо), химиялык, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз өнөр жайы өнүккөн. Темир жолдон деңиз жана дарыя транспортуна жүк (негизинен жыгач материал жана нефть) өткөрүү жана жүк алуу пункту жайгашкан. Астраханьда 20 ЖОЖ (филиалдары менен), 3 театр, сүрөт галереясы, тарыхый-архитектуралык музей-корук бар. 13-кылымдан белгилүү. 16-кылымдын башында Астраханъ хандыгынын борбору, 1556-жылдан Орус мамлекетинин карамагына өткөн. Успенье жана Троица соборунан турган кремль (16-кылымдын аягы 17-кылымдын башы) сакталган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1