Видеотелефон
Көрүнүш
Видеотелефон – байланыш түйү-нүндө сүйлөшкөндөрдүн үнү угулуу менен бирге өңүн экран аркылуу көргөзүп туруучу аппарат.
В-дун кабыл алуучу бөлүгүндө кинескоп, берүүчү бөлүгүндө телекөрсөткүч түтүк видикон болот. В. аппаратынын курамына синхрондоштуруу жана электр энергиясы менен жабдуу блоктору кирет. Телефон байланышынын бул түрү сүйлө-шүү убагында сүрөттөрдү, чиймелерди, схемаларды көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0