Кетондор
Кетондор — углеводороддун эки радикалы, менен байланышкан карбонил
Радикал жаратылышына жараша алифаттык. алициклдүү, ароматтык жана гетероциклдүү болуп бөлүнөт. Алифаттык К. төмөнкү өкүлдөрү жагымдуу жыттуу, түссүз суюктуктар. Суу менен жакшы аралашат. К. мол. массасы жогорулашы менен сууда эригичтүүлүгү төмөндөйт. Ири мол-луу өкүлдөрү катуу заттар. Бардык өкүлдөрү орг. эриткич-терде жакшы эришет жана өздөрү да эриткичтер. К. негизинен экинчилик спирттерди катализатор таасири астында дегидрирлөө же окистендирүү
Н3С-СН(ОН)-СН3 ® СН3-СО-СН3+Н2
СН3-СНОН-СН3 +[О] ®
®СН3-СО-СН3+Н2О
карбон к-таларынын туздарын ысытып ажыратуу
(RСОО)2Са ® R2СО + СаСО3
ж б. ыкмалар менен алынат. К. хим. активдүүлүгү альдегидди начар. Алардын реакцияга жөндөмдүүлүгү мол-да карбонил тобунун болушу менен түшүндүрүлөт. Карбонил тобу кошуп алуу жана кычкылтек атомунун башка атомго орун алмашуу реакциясына кирет. Мис., НСN кошуп алуудан оксинитрилдер пайда болот.
ОН
|
RСОR` + НСN ® R-С-СN
|
R’
Ушул сыяктуу эле натрий бисульфити NаНSО3, хлороформ СНС13 жана башка менен оңой кошулат. К. өз ара кошулуу реакциясына (Альдольдук конденсация), суутекти кошуп алуу реакциясына да активдүү киришет.
RCOR`+H2 ® R2CHOH
Карбонилдик кычкылтек орун алма-шуу реакциясы да кошуп алуу реакциясы аркылуу ишке ашат. Мис.:
Аминдер, гидразиндер ж.б. менен болгон орун алмашуу реакциясы К. бөлүп алганда, аларды мүнөздөөдө чоң мааниге ээ. Себеби пайда болгон оксимдер, гидразондөр жана башка гидролиздөөдөн кетонду оңой бөлүп алууга мүмкүн болгон кристаллдык заттар. Карбонил тобуна жанаша жаткан көмүртектеги суутек атому галогендерге оңой орун алмашат жана иондошуу реакциясына жөндөмдүү:
RСН2СОR’®R-СН-СОR’
|
X
К. техникада эриткич, орг. заттарды синтез-дөөдө баштапкы зат катары кеңири колдонулат.
Ад.: Нейланд О. Я. Органнкалык химия. М., 1990.; Адылов С. А. Органикалык химия. Бишкек, 1991.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6