Леопольд фон Визе
Көрүнүш
Толук аты-жөнү | Леопольд фон Визе |
---|---|
Англис тилинде | Leopold Max Walther von Wiese und Kaiserswaldau |
Төрөлгөн |
2.12.1876 Глац, Клодзко |
Көз жумган |
11.1.1969 Кельн |
Леопольд фон Визе (нем. Leopold Max Walther von Wiese und Kaiserswaldau, 2 декабрь 1876, Глац — 11 январь 1969, Кельн) – немис социологу, формалдуу социологиянын ири өкүлү жана тарапкери. Визенин ою боюнча социологиянын максаты-социалдык кубулуштардын жалпы формаларын изилдөө, андыктан анын теориясынын негизин «мамилелердин социологиясы» деген тезис түзгөн.
Коомдо
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Коом Визе боюнча – абстракция, андыктан коомдо белгилүү бир процесстерди чагылдырган адамдар аралык мамилелер гана жашайт.
Философия жана Социологияда
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ал эми философия менен социологияда кабыл алынган эл, улут деген түшүнүктөр. Визенин теориясы боюнча – абстрактуу топ; мамлекет, чиркөө болсо – абстрактуу коллектив. Визенин идеясы буржуазиялык социологияга белгилүү таасир тийгизген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8