Прустит
Көрүнүш
Прустит (француз химиги Ж. Л. Прусттун ысымынан) - минерал.
Химиялык формуласы Ag3AsS3. Тригон системасында кристаллданат. Өңү ачык Кызыл. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 2-2,5. Тыгызд. 5570-5670 кг\м3. Коргошун, цинк-күмүш гидротерм кендеринде кездешет. Күмүш рудасынын негизги минералдарынын бири, бирок пираргирит минералына Караганда аз таралган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.