Тоо эчки
Көрүнүш
Тоо эчки (лат. Cарга, L. 1758) - ача туяктуу сүт эмүүчүлөрдүн көңдөй мүйүздүүлөр тукумунун уруусу.
Текеси ири, мүйүзү чоң, ээгинде сакалы бар. Эчкиси кичирээк, желини 2 үрптүү. Жүнү кылчыктуу, түбүндө тыбыты болот. 10 түрү Европа, Азия жана Африканын тоо лорунда таралган. Алар аскалуу бийик тоолордо үйүрү менен жашайт. Аска, жарларга оңой чыгат, шамдагай. Жайында тоонун чокусуна чыгып, кышкысын төмөнүрөөк түшөт. Өсүмдүк менен азыктанат. Тянь - Шанда сибирь тоо эчкиси жашайт. Өңү боз. түнүчүндө, эртең менен, түштөн кийин салкында оттойт. Алар 2-3 жашында үйүргө кошулат, полигамдар. 5 ай көтөрүп, май-июнь айында 1-2 улагын тууйт. Тоо эчки аңчылык үчүн баалуу жаныбар. кыргызстанда тоо эчки көп. Бакма эчки тоо эчкилерден келип чыккан.
Түрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Альпы тоотекеси (Capra ibex)
- Бакма теке (Capra hircus)
- Безоар эчкиси (Capra aegagrus)
- Бурамамүйүз теке (Capra falconeri)
- Кадимки тоотеке (Capra sibirica)
- Нубия тоотекеси (Capra nubiana)
Дагы кара
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.
- А. А. Алдашев. Биология терминдеринин жана айбанат аттарынын орусча-кыргызча сөздүгү. - Бишкек, 1998. ISBN 9967-11-027-9