Location via proxy:   [ UP ]  
[Report a bug]   [Manage cookies]                
Мазмунга өтүү

Опока (геологияда)

Википедия дан
04:42, 28 август 2015 карата ChoRusBot (талкуу | салымы) (Бот: автоматизированный импорт статей) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)

Опока (геологияда) – майда тешикчелүү бекем жана жеңил чөкмө тоо тек. Көбүнчө чопо, кум, глауконит ж. б. кошундулардан жана майда бүртүкчөлөрү суу-аморфтуу кремнезёмдон (97%ке чейин) турат. Ошондой эле начар сакталган диатомей менен губкалардын спикулалары кездешет. Өңү боз, каралжын-боз. Таза опока жогорку адсорбциялык касиети менен мүнөздөлөт. Опока негизинен палеоген жана жогорку бор чөкмөлөрүндө жолугат. Адсорбент катары газ, химия ж. б. өндүрүштө колдонулат. Таза сортунан карапа жасалат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]